Бөлүмдүн студенттери адискөй жана тажрыйбалуу окутуучулар тарабынан окутулат. Студенттер төмөндөгү мүмкүнчүлүктөргө ээ

Окутулуучу тилдер: англис, түрк, кыргыз, орус, немис

Практикалык лабораториялар: Каттоо жана жайгаштыруу лабораториясы, компьютердик лаборатория, окутуу-практикалык мейманканасы, тейлөө лабораториясы, бар жана тамак-аш даярдоо лабораториясы.

Бөлүмдүн бизнес чөйрө менен тыгыз кызматташтыгы,

Мыкты отелдерде тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүгү

Студенттердин ишкердүүлүк жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган сабак менен иш-чаралар.  

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ИШ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

Бөлүмдүн бүтүрүүчүлөрү жайгаштыруу ишканаларынын бардык түрлөрүндө; конок үйү, мейманкана  туристтик борборлордго, конок үйлөрү, курорттор, эс алуу борборлору ж.б.у.с. ишканалардын каттоо жана жайгаштыруу бөлүмүндө, тазалоо кызматтары бөлүмүндө, маркетинг жана сатуу бөлүмүндө, анимациялык кызматтары бөлүмүндө, кадрлар бөлүмүндө, тамак аш даярдоо жана тейлөө сыяктуу бөлүмдөдө иштей алат.

Өлкөбүздүн өнүгүп жаткан меймандостук индустриясы иш табуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.  Ал эми курорттук аймактарда тур сезонго жараша иш табуу абдан эле оңой.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Туризм жана мейманкана ишмердүүлүгү бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү орто жана жогорку даражадагы жетекчи катары иштей алат, туризм ишканалары тарабынан талап кылынган билимге жана практикалык тажрыйбага ээ.